БүТКөН БОЮ ЫМЫР-ЧЫМЫР БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015өтө корккондо, же сүйүнгөндө денени майда калтырак баскандай кандайдыр жагымсыз сезим пайда болуу, денеси ысып кеткен сыяктанып сезилүү. Акийманын беттери албырып, көздөрү жайнап, бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, атына камчы уруп, ылдам жүрүп кетти (Абдукаимов). В.: Бүткөн бою чымыроо. Каттын аягына чыккыча бүткөн бою чымырап, от менен жалын болуп, кара терге түштү (Абдукаимов). Ыскактын бүткөн бою чымырап, кулагы чуулдап, элейген калыбында таштай катты («Ала-Тоо»).